Бүгүнтөн тартып Бишкек-Торугарт жолу убактылуу жабылат

12 марта 2018 10:33 746 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек-Нарын-Торугарт жолу 12-марттан 16-мартка чейин маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган маалыматка таянсак, Боом капчыгайынын 108-чакырымында ташты атайлап кулатуу иштери жүргүзүлөт.

Жол кыймылы саат 9.00дөн 15.00гө чейин жабылат. 30-40 унаа топтолгондон кийин таш кулатуу убактылуу токтотулуп, унаалар кое берилет.

Жумуш жакшы аба ырайынын шарттарында жүргүзүлөт.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12315



Добавить комментарий