12-март: Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаайт

12 марта 2018 08:18 524 Barometr
Поделиться в:
ok

12-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Ысык-Көл жана Нарын облустарында кээ бир райондорунда да жаан-чачын болот. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 14 метрге жетиши күтүлөт.

Абаны температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3...8, күндүз 5...10, Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 5...10, Баткен облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 6...11, Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 3...8, күндүз 6...11,

Ысык-Көл областында түнкүсүн -2...+3, күндүз 4...9, Нарын облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 2...7 градус болот. Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -1...-6 градус болот.

Бишкек шаарында 12-мартта мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 5…7, күндүзгү жогорку температурасы -1…6 жылуу болот.  

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12302



Добавить комментарий