“О” операторунун кардарлары нааразы болуп жатышат

11 марта 2018 11:43 1848 Barometr
Поделиться в:
ok

“О” операторунун кардарлары буга чейин акысыз болуп келген кезектеги тейлөө кызматына нааразы болушууда. Сөз тандап алган тарифке карабай, анын ичинде лимити да жок колдонуучулардын смартфондоруна интернет берүү тууралуу болуп жатат.    

"О" уюлдук операторунун расмий сайтында айтылгандай, кардар смартфонун модем режиминде колдонуш жана башка колдонуучуларга интернет-трафик бөлүшүш үчүн “Интернет тарат!” тейлөө кызматына кошулуусу кажет.

Колдонуучулар бул үчүн 7 күндө 40 сом, ал эми 30 күндө тарифке карабай 100 сом төлөшү керек.    

Бул кабарлама оператордун кардарларын нааразы кылды, алар эмне үчүн ага чейин төлөнгөн интернет үчүн кошумча төлөшүбүз керек дешүүдө. Айрым колдонуучулар оператор алардын эсебинен акча алып койгондон кийин гана бул тууралуу билишкен.

Соцтүйүндөгү мындай постко “О” өкүлдөрү төмөнкү жоопту жазышкан. “Азыркы учурда “Интернет тарат” тейлөөсү 2016-жылдын 8-декабрына чейин активдешкен абоненттерге жайылтылбайт. Бул опция кайра кошулган абоненттерге гана берилет”.

Бирок бул жоопко 2012-2013-жылдан тартып сим-карта колдонуп жаткандар алардын интернет таратышына акча төлөөнүн кажети жок, анткени бул опция смартфондордун техникалык мүмкүнчүлүгү дешүүдө.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12295



Добавить комментарий