Кыргызстандык үч аял Иракта өлүм жазасына тартылышы мүмкүн

7 марта 2018 11:50 4165 Barometr
Поделиться в:
ok

Жаш балдары бар кыргызстандык үч аял Багдад шаарынын түрмөсүндө  сот өкүмүн күтүп жатат. Бул тууралуу  кечээ 6-мартта "РИА Новости" агенттигинин Кыргызстандагы кабарчысы  Юлия Орлова Россиянын федерация кеңешинин мүчөсү Зияда Сабсабиге шилтеме кылып кабарлады.   

Аталган маалыматка таянсак,  6-мартта КРнын жарандары болгон Асель Асилжан кызы, Зухра Кадирова,  Фатима Маруфжановага сот өкүмү чыгарылмак. Алардын баарынын 4-5тен жаш балдары бар. Алар терроризмге жана Ирактын мамлекеттик чегин мыйзамсыз кесип өтүүгө айыпталууда. 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12256



Добавить комментарий