Космостогу алгачкы мейманкана ишин баштайт

6 марта 2018 11:46 1399 Barometr
Поделиться в:
ok

АКШнын 72 жаштагы магнаты Роберт Бигелоу космоско мейманкана ачууну пландап жатат. Мейманкана 2021-жылы ишке кирет. Бул тууралуу  i.dailymail.co.uk булагы кабарлады.

Бигелоунун Bigelow Aerospace деп аталган компаниясы өз кезегинде Пентагондун жашыруун программасынын  алкагында НЛО издөө боюнча иш алып барган.

Космоско курула турган мейманкана үйлөмө түрүндө болот жана аны жаңы Bigelow Space Operations компаниясы куруп чыкмакчы.

Ал космосттук станциянын бир бөлүгү катары курулат жана В330-1 жана В330-2 деп аталган модулдардан турат.

Бул мейманкананын баасы канча болору азырынча айтыла элек. Адегенде анын баасы 10 милллион доллар болору болжолдонууда.

Аталган мейманкалар катардагы туристтерди кабыл алат. Мындай долбоорду ишке ашыргандан кийин Роберт Бигелоу Айга склад ачууну пландоодо.

Ссылка: https://barometr.kg/content12209



Добавить комментарий