"Демир Кыргыз Интернешнл" банкынын Ош бөлүмүнөн көп акча уурдалды

5 марта 2003 20:37 7590 Barometr
Поделиться в:
ok

Акча түн ичинде банктын кассасынан уурдалган деген божомол бар. Бирок иликтөө, тактоо иштери жүрүп жатат. Жергиликтүү бийликтердин, тартип коргоо органдарынын маалыматына караганда, жоголгон акчанын жалпы суммасы - 77 миң доллар, 100 миң сом. Банктын Оштогу филиалынын башкаруучусу Адылбек Акматов азырынча «Азаттыкка» маалымат берүүдөн баш тартты. Банк филиалы болсо жумуш ыргагын бузбай иштеп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/content12190



Добавить комментарий