Замира Сыдыкованын экинчи уулу баңгизат чеккен абалында кармалды

5 марта 2018 16:46 650 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын АКШдагы экс-элчиси Замира Сыдыкованын уулу баңгизат чеккен абалында кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. 

Бишкектеги Түштүк магистралда жүргүзүлгөн рейд маалында көзү кызарып, ар кандай сөздөрдү сүйлөп шек жараткан айдоочуну жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери кармаган.   

Лабораториядан текшерткен маалда анын канынан баңгизаты табылды. Айдоочу 1983-жылы туулган Сыдыков Чынгыз Темирбекович экени аныкталды.

Аны УКМКга чакыртышты.

Буга чейин ЖМКлар кабарлашкандай, экс-элчинин башка бир уулу - Тенгиз Сыдыков Чеченстанга курал сатууга айыпталып АКШда камакка алынган.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12186



Добавить комментарий