Оскар-2018: "Суунун калыбы" мыкты фильм деп таанылды

5 марта 2018 16:27 486 Barometr
Поделиться в:
ok

"Суунун калыбы" фильми "Мыкты тасма" багытында "Оскар" сыйлыгын алды. Анын тарткан Гильермо Дель Торо "Мыкты режиссер" деп табылды.

Тасмада жашыруун аскер лабораторияда тазалоочу болуп иштеген дудук аялдын сүйүүсү баяндалат.

Америка киноакадемиясынын "Оскар" киносыйлыгынын быйылкы жеңүүчүлөрүн сыйлоо 4-мартта Лос-Анжелестеги "Долби" театрында өттү.

"Мыкты актриса" деп Фрэнсис МакДорманд табылды. Ал «Эббинг четинде үч билборд, Миссури» фильминдеги ролу үчүн сыйланды.

"Мыкты актер" наамын "Кыйын кезең" фильминдеги ролу үчүн Гарри Олдман жеңди.

"Оскар" тапшыруу аземи ушуну менен токсонунчу жолу уюштурулууда. Анда 2017-жылы чыккан тасмалар боюнча мыктылар аныкталды.

Тандоо жараяны былтыр ноябрда башталып, быйыл 28-февралда аяктаган.

Кино тармагындагы эң абройлуу делген “Оскар” сыйлыгын жыл сайын АКШнын кинематография, искусство жана илим академиясы ыйгарат. Сыйлык 1929-жылы негизделген.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12183



Добавить комментарий