Бандиттер 100 миң доллар алыш үчүн ишкерди уурдап кетишти

5 марта 2018 13:53 1157 Barometr
Поделиться в:
ok

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү опузалап 100 миң доллар акча талап кылыш үчүн  ишкерди уурдап кетишкен. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

1-мартта УКМКнын ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында КРнын жаранын уурдап кеткен кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды.

30 миң доллар алып жаткан учурда кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү С.С.Б. колго түштү. Ошондой эле уурдаганга тапшырык берген жана аны уюштуруучу И.М. кармалды.

Ишкерди уурдоого тапшырма берген адам анын мурдагы ишкер шериги экени, ал эми уурдоону уюштурган адам кылмыштуу топтун мүчөсү экени аныкталды.

28-февралда бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Кармалгандар камакка алынды.

Ссылка: https://barometr.kg/content12167



Добавить комментарий