Момпосуйдун кабыгынан тигилген көйнөктү мактанып кийип жүрөт (фото)

4 марта 2018 19:28 796 Barometr
Поделиться в:
ok

Дизайнер Эмили Сейлхамер 10 миң конфеттин кабыгынан өзүнө кооз көйнөк жасап чыкты.

Ал өзү таттууну жакшы көргөндүктөн 4 жыл бою конфеттин кабыктарын чогулткан жана соңунда көргөндүк көз жоосун алган көйнөк жасап чыккан.

Адегенде кыз баардык кабыктарды түсү боюнча сорттоп жана ар бир фантикти 6 кыр кылып үтүктөгөн. Андан соң аларды токуган.

Анан калса бул көйнөк Эмили үчүн сүйүүнүн символу дагы болуп эсептелет. Кыз Starburst конфетин жеп жаткан учурда болочоктогу жубайы менен таанышкан жана ал кызга колунан келишинче көмөктөшкөн. Жубайы экөөлөп конфет жеп, анын кабыктарын чогултуп жатып ушундай көркөм бир көйнөк жасаганга үлгүрүштү.

Ссылка: https://barometr.kg/content12149



Добавить комментарий