ЕККУнун жыйыны Акылбек Жапаровдун мейманканасында өтөт. Төрага колдоду

4 марта 2018 19:01 1128 Barometr
Поделиться в:
ok

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын күзгү жыйыны Бишкектеги эл аралык "Дамаск" мейманканасында өтөт. Мындай чечим аталган иш-чараны өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Barometr.kgге уюштуруу комитетиндеги жеке булактардан кабарлашкандай, комитеттин жыйыны парламентте Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Джумабековдун төрагалыгы алдында өттү.

Даярдык боюнча маалыматты жумушчу топтун жетекчиси, Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин орун басары Тажимамат Шаболотов берди.

Жумушчу топтун биринин мүчөсү жыйынды "Дамаск" мейманканасында өткөрүүнү сунуштады. Төрага бул демилгени колдоду. Жыйындын соңунда иш-чараны жеке мейманканада өткөрүү чечими кабыл алынды.

Ошол эле маалда жыйында эмнеге уюштуруу комитети буга окшогон иш-чараларды мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында өткөрүүгө мүмкүн болсо да "Дамаск" жеке менчик мейманканасына артыкчылык бергенин түшүндүрүшкөн жок.

Жыйынды өткөрүүгө донорлор тарабынан 100 миң доллар бөлүнөт.

Ачык жарыяланган маалыматтарга таянсак, “Дамаск” мейманканасынын тейлөөсү эң кымбат болуп эсептелет, анткени анда эл аралык деңгээлдеги тейлөө системасы иштейт.

“Дамаск" мейманканасы парламенттин "Бир Бол" фракциясынын депутаты Акылбек Жапаровго таандык.

 "Ала-Арча" резиденциясы Президенттин жана өкмөттүн аппаратынын иш башкармалыгынын балансында турат.

Белгилей кетсек, ЕККУ ПАнын жыйыны Кыргызстанда алгачкы ирет өткөрүлүп жатат.

Эл аралык деңгээлдеги иш-чарага 57 өлкөдөн 200гө жакын парламентчилер катышат.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12147



Добавить комментарий