Жигитин өлтүрүп, сөөгүн желдеткичке койгон кыргызстандык кыз кесилди

3 марта 2018 14:29 7764 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандык кыз Түркияга иштеш үчүн барып, сойкулук менен алектенгендердин тобуна кошулуп калган. Чогуу жашаган жигитин өлтүргөнү үчүн айыпталып 25 жылга кесилди. Бул тууралуу Haberler.com. булагы кабарлады. 

Аталган маалыматка таянсак, жигит ошол күнү мас абалында келип чыр чыккан, кыз аны моюн орогуч менен муунтуп өлтүргөн жана өлүгү жыттанбасын деп вентилятордун жанынан коюп койгон.

Өзү Кайсеридеги эжесиникине качып кеткен.

Сотто кыз жигити менен сойкулуктан кутулуп чыгып жашап калганын, уруп сабап, өлтүрөм деп коркуткан кезде муунтканын айтып берди.

Коньянын судьясы кызды 25 жылга эркинен ажыратты жана кыздын мурдагы кардары Х.Ш.ны кылмыш ишине аралашканы үчүн жана кызга көмөк бергени үчүн 12,5 жылга  соттоду.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12138



Добавить комментарий