Бортунда 85 сантехниги бар учак сынган даараткана үчүн шашылыш конду

2 марта 2018 13:42 1653 Barometr
Поделиться в:
ok

 Boeing 737-800 учагы дааратканасы сынып калып кайрадан аэропортко кайтып келүүгө мажбур болду. Анын ичинде 85 сантехник учуп бара жаткан. Бул тууралуу  Dagbladet булагы кабарлады.

Норвегиянын учагы менен бул окуя самелет Осло шаарынан Мюнхенге баратканда болду. Сынык тууралуу учуу маалында билишкен бирок бортто отурган бир дагы сантехник сынган жерди оңдой албай койгон. Анткени аны учактын сырткы тарабынан оңдоо кажет болгон.

“Ушунча сантехник бортто отурганына карабай учак сынган даараткананын айынан кайтып келип отурат! Бул чыны мнен күлкүлүү окуя”,-деп жазды басылма.

Аэропортко конгондон кийин аны оңдошту жана учак кайрадан Германияга учуп кетти.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12108



Добавить комментарий