Кызын итке тыткылаткан Кадамжайдын тургуну кармалды

1 марта 2018 15:33 1886 Barometr
Поделиться в:
ok

Кадамжай районунун тургуну 3 жаштагы өгөй кызын уруп-сабап, кылмыш иши билинип калбашы үчүн соңунда кызды денесин итке тыттырган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Аталган маалыматка таянсак, кыздын апасы 3 жаштагы кызын ит тиштеп алганын айтып ооруканага алып келген. Ит тиштегенден тышкары башка жаракаттары бар экенин көргөн дарыгерлер бул иш боюнча укук коргоо органдарына кабарлашкан.

Сурак маалында аял бир күн мурда кызын өгөй атасына таштап кеткенин айтты.

Өгөй ата кызды сабап, аны жашыруу аракетинде иттин тырмактары менен кызды тыткылаткан. Бул боюнча  кылмыш иши козголду.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12070



Добавить комментарий