Кыргызстандык Петербургга учуп барып, аэропорттон чыга албай калды

1 марта 2018 15:07 797 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандык Айбек Моминов төрт күндөн бери Петербург шаарынын "Пулково" аэропортунун аймагында жашап жатат. Ал 1-топтун майыбы жана аталган шаарга протезин алмаштырганы барган. Моминовду Россиянын аймагына киргизишкен жок. Бул тууралуу Петербургдун "Фонтанка" интернет-гезити кабарлады.

26-февралда Моминов "Пулково" аэропортуна Ош шаарынан учуп барган.

Петербургда элүүдөй жүргүнчүнү суракка алышып анын ичинде Моминов өлкө аймагына киргизилген эмес. Себебин “мейманканасы брондолгон эмес” деп түшүндүрүшкөн.

“Баардык документтерди алып кетишти. Бир туулганымды ден соолугу начар, эски протези жарабай калгандыктан организмине коркунуч келтирүүдө”,-деп маалымдады басылмага Моминовдун бир тууганы Хасият.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12069



Добавить комментарий