АКШда кыргызстандыктар Чеченстанга курал сатууга айыпталып кармалды
Поделиться в:
Вашингтондо жашап жаткан Кыргызстандын эки жараны Чеченстанга ок атуучу курал сатууга айыпталышууда. Бул тууралуу The Washington Post маалымдады.
Вирджиния чыгыш округунун прокурору берген маалыматка таянсак, 28 жаштагы Т. С. жана 27 жаштагы Э. Р.ны 27-февралда ок атуучу куралды эл аралык соодалоо жана аткезчилик боюнча айыптап кармашты.
Иштин материалдарында айтылгандай, кармалгандар 100 куралды кураштырылбаган абалында сатып алып аны ашкана буюмдары, унаа отургучтарына каптаган жабуу деп көрсөтүп жана аны почта аркылуу Чеченстанга күн сайын жөнөтүп турушкан.
Эки жаранды тең 20 жылга эркинен ажыратуу күтүлүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/content12065
Добавить комментарий ×