Россияда 11 жаштагы бала менен 14 жаштагы кыз үйлөнүү үлпөтүн өткөрдү

1 марта 2018 12:55 2156 Barometr
Поделиться в:
ok

 Россиянын Новосибирск шаарында 11 жаштагы бала менен 14 жаштагы кыздын үйлөнүү тою соода борборунда өттү. Бул тууралуу «Комсомольская правда» маалымдады.

Соода борборунун кызматкери Алинанын айтымында, кыз абдан коркуп калгандай үрпөйүп көрүнгөн. Алинага кызды бул үлпөткө даярдашканын жана мындай эрте никелешүү тою цыгандардын салты боюнча өтүп жатканын түшүндүрүшкөн.

Шаардыктар Россияда нике жашын эч ким  алып сала электигин айтып нааразы болушууда.

Ошол эле маалда Новосибирскидеги цыган диаспорасынын өкүлдөрү 11 жашта үйлөнүүгө уруксат берген эч кандай каандай салт аталган улутта жок экенин журналисттерге билдиришти.

“Полиция социалдык түйүндөгү бул ызы-чууга көңүл бурган жок”,-деп жазат басылма.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12063



Добавить комментарий