“Кабылан” кыз таштанды челекке ыргыткан энеси менен 26 жылдан кийин жолукту (видео)

1 марта 2018 12:30 10119 Barometr
Поделиться в:
ok

Якутиялык 26 жаштагы Ирина Павлуцкая жаңы төрөлгөндөн кийин аны таштанды челекке таштап кеткен биологиялык энесине Андрей Малаховдун “Түз эфир” берүүсүндө жолукту.

Кыз жаңы төрөлгөн кезде апасына көрсөтүшкөн эмес жана ымыркай сейрек кездешчү генетикалык аномалияга кабылганын бир аз кийинчерээк айтышкан.

 

Кыздын апасы Мира Васильеванын билдиргенине караганда, анын кебетесинен улам күйөөсү да, жакындары да төрөт үйүнө басып келген эмес.

“Күйөөм таштап кетпесин” деп корккон аял баланы стадиондун отургучуна таштап кеткенин айтты.

Бирок чындыгында Иринаны таштанды челектен таап алышкан.

Ирина балдар үйүндө тарбияланган. Башкача келбетте болгонуна карабай ал өзүнүн теңтуштары менен тартынбай сүйлөшүп, ачык-айрым кыз болуп чоңойгон жана модель болгон. 18 жашында балдар үйүнөн кетип мамлекеттен квартира алган.

 Берүүнүн коноктору кыздын үйү үчүн гана күкүк энеси ушунча жылдан кийин кайтып келди деп нааразы болушту.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12059



Добавить комментарий