Депутат абаны ким булгап жатканын айтты
Поделиться в:
Автомашиналардын көптүгүнөн улам, ордо калаа ышталып, адамдардын ден-соолугуна зыян келтирсе, автотыгындардан улам кырсыктар көбөйдү. Өкмөт мындай абалды оӊоо жаатында чара көрүшү керек. Бул тууралуу депутат Кожобек Рыспаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.
«Көптөгөн мамлекеттик органдар ири имараттарды ээлеп, шаардын ар кайсы жеринде жайгашкан. Тыгындар да ошондон пайда болууда. Менимче, алардын имараттарын сатуу менен, шаардын чет-жакасына жаӊы имарат куруп, мамлекеттик органды ошол жерге топтоо зарыл. Жаӊы имаратты сатылган имараттардын эсебинен эле курса болот. Ошондо автотыгындар азайып, аба тазармак», - дейт эл өкүлү.
Ссылка: https://barometr.kg/content12058
Добавить комментарий ×