Вице-премьер-министр Санжар Муканбетов ант берди

28 февраля 2018 12:13 485 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 28-февралда вице-премьер-министр Санжар Муканбетов Жогорку Кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда ант берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн мындан аркы ишине ийгиликтерди каалап, вице-премьер-министр Санжар Муканбетовго берген антын эстен чыгарбай, эл үчүн жана мамлекет үчүн ак ниет кызмат кылуусун каалады.

Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Санжар Мкуамбетовду ант берүү аземи менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалап кетти.

Эскерте кетсек, Санжар Мукамбетов Улуттук банктын төрагасы кызмат ордуна которулган Толкунбек Абдыгуловдун ордуна 11-январда дайындалып, тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12025



Добавить комментарий