8-марттын урматына кыргызстандыктар 4 күн эс алат
Поделиться в:
Кыргызстандыктар 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата 4 күн катары менен эс алышы ыктымал. Ага ылайык бул аптанын жумуш күндөрү 5 күн иштегендер үчүн бир күнгө узагыраак болушу мүмкүн.
Өкмөт аялдар майрамынын алдында эс алуу күндөрүн жылдырууну карап жатат. Негизинен 9-март жумуш күнүн 3-мартка- ишемби күнүнө жылдыруу каралууда.
Бул учурда келерки аптада 8,9,10,11-март эс алуу болуп жарыяланат.
Ссылка: https://barometr.kg/content12019
Добавить комментарий ×