Базар Базаргуруевге 10 жылдан кийин Олимпиаданын коло медалын тапшырышат
Балбан Базар Базаргуруевге 2008-жылы өткөн Олимпиаданын жеңүүчүсү катары коло медаль жана акчалай сыйлыкты тапшырышат.
Иш-чара 27-февралдан 4-мартка чейин Бишкекте өткөрүлө турган күрөш боюнча Азия чемпионатынын алкагында болмокчу.
Базар Базаргуруев 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиадага Кыргызстандын курама командасынын атынан катышып 5-орунду алган. Балбанга бул үчүн мамлекеттен 15 миң сом өлчөмүндө сыйлык берилген.
2017-жылы Күрөштүн бириккен дүйнөсү Пекинде күмүш утуп алган украиналык спортчунун канынан кайра текшерген учурда допинг табылып сыйлыгынан ажыратылганын маалымдаган.
Базаргуруев ушундан соң 3-орунга жылды жана 9 жыл өткөндөн кийин Олимпиада оюндарынын коло байгесинин ээси болуп калды.
Ошол жылы өткөн Олимпиаданын коло медалынын ээси Руслан Түменбаевге «Данк» медалы, 75 миң доллар жана Mitsubishi Pajero 4 унаасы берилген.
Ссылка: https://barometr.kg/content11997
Добавить комментарий ×