Кыргызстандыктар 100 доллар, 5 миң сомдуктарды өрттөп жатышат

26 февраля 2018 13:16 856 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык түйүндөрдө эл акча өрттөнгөн видеону активдүү талкууга алышууда. Бул роликтер Кыргызстанда тартылгандыгы айтылууда. Аталган видеолордо эркектер ири номиналдагы сом, долларды өрттөп жатышканын көрүүгө болот.   

Бул таң калыштуу акцияны 40 жаштагы Жалал-Абаддын тургуну баштаган. Видеодо ал үйү жылыбай үшүп жатканын айтып, аялын урушкан жана чөнтөгүнөн таңгак акчаны алып чыгып беш миң сомдук купюраларды отко жаккан. Калган акчаны кичүү кызына берип “эртең мешке жагабыз” деген.

Бул окуя тим калбай, көп ызы-чуу жаратып видеону жарыяланган жалал-абадыкка милициялар барган. Эмне үчүн мындай кылганын сурашканда ал жөн гана ушундай ишке барганын айтып жооп берген.

Аны көргөн жаш жигит 600 долларын өрттөгөн, дагы бир топ жаштар 100 долларды өрттөп жатышканы тууралуу видео OMKS паблигине жарыяланды.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11963



Добавить комментарий