Анжелика Бекболиева: Урмат менен 11 айдан бери чогуу жашай элекпиз

26 февраля 2018 12:33 1106 Barometr
Поделиться в:
ok

Ырчы Анжелика Бекболиева менен ишкер Урмат Бекболиевдин ажырашуу процесси уланып жатат. Буга чейин ырчы “ажырашпайм” деп билдирүү тарткан болсо эми арызын ала электигин жана ажыраша турганын кабарлады.   

“Эч ким жаңылышпай койбойт. Мен буга чейин күйөөмдү коркутайын деп ажырашууга арыз бергем, убакыт баарын калыбына келтирип, жашообуз мурдагыдай болот го дегем. Бирок бири-бирибизди түшүнүшө алган жокпуз. 11 айдан бери чогуу жашай элекпиз. Ажырашуу балдарды биргелешип өстүрүүгө тоскоол болбойт деген ойдомун”,-дейт Анжелика.

Эскерте кетсек, өткөн жылы 20-декабрда Анжелика арыз менен сотко кайрылган. Бирок бир аздан кийин кайра ойлонуп ажырашпай турганын айткан. 24-февралда Анжелика чындап эле ажыраша турганын кабарлады.    

Ссылка: https://barometr.kg/content11961



Добавить комментарий