Казакстанга Кыргызстандан барган кийимден зыяндуу заттар табылды

24 февраля 2018 09:17 1074 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстандын Караганды облусунда Кыргызстанда тигилген балдар кийиминен уулуу заттар табылды.

Бул тууралуу казакстандык "Tengrinews" сайты Караганды облусунунун коомдук саламаттыкты коргоо департаментинин жетекчисинин орун басары Юрий Залыгинге шилтеме берүү менен маалымдады.

Анда шаардык санитардык кызматы дүкөндөрдө жана базарларда сатылган балдар кийимдеринде зыяндуу формальдегид затынын өлчөмү нормадан көп экенин аныктаганы айтылат. Дарыгерлер бул балдардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунучтуу экенин белгилешкен. Зыяндуу заттар табылган кийимдер Кыргызстандын өндүрүшүнөн чыкканы кабарланат.

Маалымат каражаты ошондой эле, товарлар соода жүгүртүүдөн алынып, аны сатып жаткан ишкерлерге 200 миллион теңге айып салынганын жазат.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11949



Добавить комментарий