24-февраль: алдыда туруксуз аба ырайы күтүлөт
24-февралда Кыргызстандын аймагында кар жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
26-февралга чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, жолдорунда кар көчкү жүрүшү ыктымал. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экенин ӨКМ эскертүүдө.
Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11;
Таласта түнкүсүн -4…+1, күндүз 6...11; Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14; Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8; Нарында түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…-6; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -24…-29, күндүз -4…-9;
Бүгүн 24-февралда Бишкекте кар жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…2°, күндүз температура 9…11 градус болот.
Ссылка: https://barometr.kg/content11948
Добавить комментарий ×