Казакстан: Асылбек уулу Дамирбек Казакстандын жараны

22 февраля 2018 14:24 744 Barometr
Поделиться в:
ok

 Казакстандын Тышкы иштер министрлиги буга чейин Алмата шаарында кармалган депутат Асылбек уулу Дамирбек Казакстандын жарандыгын алганын эскерткен нотаны Кыргызстандын ТИМине жөнөттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигиндеги булактар жергиликтүу маалымат агенттигине кабарлашты.

Эки өлкөнүнТышкы иштер министрликтеринин ортосунда буга чейин Алмата шаарында жана Казакстандын үч областында жүргүзүлгөн атайын операцияда кармалган Кыргызстандын жарандары тууралуу маалымат алмашуу жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, Казакстанда Алматы, Жамбыл, Түштүк Казакстан облустарында жана Алматы шаарында 15-16-февраль күндөрү жүргүзүлгөн ири масштабдагы атайын операцияда 35 адам кармалган, Алардын арасында Кыргызстандын 3 жараны, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек уулу Дамирбектин бар экендигин тастыкталган.

 18-февралда Алматы шаардык соту карап, аларды эки айга тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Ссылка: https://barometr.kg/content11931



Добавить комментарий