Чубак ажы Жалиловдун Ноорузду майрамдабоо боюнча айткандарына баа беришет

22 февраля 2018 10:57 1506 Barometr
Поделиться в:
ok

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Аалымдар кеңешине экс-муфтий Чүбак ажы Жалиловдун Нооруз майрамы тууралуу айткандарына баа берүүнү өтүнүп кайрылды.

Аталган ведомсвтодон билдиришкендей, Жалиловдун бир катар билдирүулөрү этикалык жана моралдык баалуулуктарды бузуп жатат жана ар түрдүу агымдар менен уюмдардын өкүлдөрүнө карата дискриминациялык мүнөзгө ээ.

Белгилей кетсек, буга чейин соцтүйүндө Чубак ажы Жалиловдун мусулмандар менен жолугушуусунда тартылган видео жарыяланган. Анда экс-муфтий өзүнө берилген суроого жооп кылып Ноорузду майрамы тууралуу пикирин билдирген.

Кыргызстанда 21-март Нооруз жазгы күн теңелүү майрамы катары жыл сайын белгиленип келет. Бул датага байланыштуу өлкөдө салтанаттуу иш чаралар өткөрүлөт.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11922



Добавить комментарий