Учакта отурган кишинин ичинен жел чыгып кетип, самолет шашылыш конду

22 февраля 2018 08:35 4745 Barometr
Поделиться в:
ok

“Дубай- Амстердам багытында учкан учак жүргүнчүлөрдүн биринин метеоризминен улам жерге чукул турдө конууга мажбур болгон”,-деп жазат Metro News басылмасы. 

Учак Дубайдан Амстердамга учуп бараткан, бирок жүргүнчүнүн бири учактын салонундагы абаны булгап салган. Жүргүнчүлөр аны экипажга арызданышып, эркек кишиден тынч отуруусун суранышкан. Бирок ал да таптакыр көжөлүп болбой ишин уланта берген. Мунун айынан учактын бортунда мушташ башталып экипаж Венага чукул конууга мажбур болду.  

Нааразы жүргүнчүлөр  бул окуядан кийин учурда Transavia Airlines авиа компаниясын сотко берип жатышат.

Ссылка: https://barometr.kg/content11916



Добавить комментарий