Кайыр сурап отурган киши 740 миң доллар менен кармалды

22 февраля 2018 08:18 3550 Barometr
Поделиться в:
ok

Швециянын Уппсала шаарынын полициясы начар жүрүм туруму үчүн жергиликтүү кайрчыны кармаган. Ошол эле маалда аны тинткен учурда сумкасынан 742 миң доллар же болбосо жергиликтүү акча менен айтканда 6 млн крон табылды. Бул тууралуу TT агенттиги маалымдады.

Ишти териштирип чыккан полициялар кайырчыны кое берди.   

Аны тергеген прокурор Анна Шеблум кайырчы бул акчаны кайдан алганын айтканын маалымдады.

“Ал акчаны кайдан алганын түшүндүрдү. Мен башка эч нерсе айта албайм”,-деди прокурор.

Жыйынтыгында кайырчыны боштондукка кое беришти жана ага карата ишти токтотушту.

Полиция аны 12-февралда ар кимден акча сурап, өткөн кеткендерди тажатып жүргөндө участокко кармап келген.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11915



Добавить комментарий