22-февраль: айрым аймактарга кар түшөт
Эртең 22-февралда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар түшөт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 0...-5, күндүз 3...8; Таласта түнкүсүн -1...-6, күндүз 3...8; Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -2...+3, күндүз 6...11; Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...5; Нарында түнкүсүн -15...-20, күндүз -5...-10; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18...-23, күндүз -5...-10;
Бишкекте түнкүсүн бир аз кар жаашы ыктымал, күндүз жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…-3°, күндүзгү жогорку температурасы 6…8°.
Ссылка: https://barometr.kg/content11913
Добавить комментарий ×