Чочколор өзүнүн кожоюнун жеп алышты

21 февраля 2018 14:34 2340 Barometr
Поделиться в:
ok

Украинанын Николаев областынын Ковалевка айылында вьетнам чочколору өзүнүн өлгөн кожоюнун жеп алышкан. Бул тууралуу жергиликтүү Novosti N булагы кабарлады. 

Кошуналары 80 жаштагы эркектин тыткыланган денесин анын короосунан табышты. Кожоюндун башын, колун жана ички органдарын өзү багып жүргөн чочколору жеп кетишкен.

Эркек кишини акыркы ирет 17-февралда көрүшкөн. Ал короодо каза таап, анан жаныбарларга жем болгон деген версия айтылууда.

Кожоюну аларды алты жылдан бери өстүрүп, катуу камкордукка алып багып жүргөн.

Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Бирок кимди соттошот, чочколордубу азырынча белгисиз.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11899



Добавить комментарий