Ала-Арча паркында аскадан кулаган альпинисттин акыркы видеосу жарыяланды

20 февраля 2018 15:25 1085 Barometr
Поделиться в:
ok

Ала-Арча жаратылыш паркында аскадан кулап каза тапкан Литванын жараны Сайкаускас Саулюсанын сөөгүн Бишкекке жеткиришти жана өз мекенине жөнөтүүгө даярданышууда. Бул тууралуу Литванын альпинисттер ассоциациясынын президенти Вилма Тубутите кабарлады.

Эскерте кетсек, Ала-Арча паркында эки чет элдик альпинист, литванын жарандары-Саулюс Сайкаускас жана Кястутис Скрупскялис аскадан кулап кетишкен. Кястутис Скрупскялис бутунан жаракат алып Бишкектеги ооруканага жетирилди. Экинчи альпинисттин сөөгүн үч сутка издешкен.

Альпинисттер Литванын 100 жылдыгына карата чокуга чыкмак болушкан. Алардын чокудан тарткан видеосу соцтүйүндөргө жарыяланды. 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11872



Добавить комментарий