13 жаштагы бала өзүнө үй салып алды (видео)

20 февраля 2018 14:25 2969 Barometr
Поделиться в:
ok

Көпчүлүк мектеп окуучулары өздөрүнө үй салууга көп деле кыялданбайт. Бирок бул өспүрүмдүн аракети мактооого арзыйт.

Newsner булагы маалымдагандай, АКШнын Айова штатында жашаган Люк Тилл ата-энесинин короосуна өзүнө ылайык үй салып алып өзүнчө жашап жатат.

Долбоордун баш-аягына 1,500 доллар кеткен.Ал аталган акчаны башкалардын короосундагы газондорун кыркып берип, башка майда балдарга ылайыктуу жумуштарды аткарып, онлайн жардам сурап ата-энесинен албай жеке өзү чогулткан. Материалдын 75 пайызын чоң энесинен калган үйдөн алып келген, үйдүн каалагасын таякесинин досу белек кылган. 8 чарчы метрлик үйдө балага керектүү нерселердин баары бар.

Люк өзүнүн коттежинде кандай өмүр сүрүп жатканын төмөндөгү сүрөттөрдөн жана видеодон көрсөңүз болот.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11868



Добавить комментарий