Сасык тумоо менен ооругандарын саны өсүп жатат
Поделиться в:
Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандарын саны көбөйүп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Ыкчам маалыматтарга таянсак, 12-февралдан 18-февралга чейинки аралыкта өткөн аптага салыштырмалуу сасык тумоо менен ооругандарын саны 11,3 пайызга жогорулаган.
Учурда өлкөдөгү эпидемиологиялык абал туруктуу. Өлкөнүн баардык аймактарында сасык тумоону алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/content11866
Добавить комментарий ×