55 жашка чейинкилерге 14 миң доллар бекер берилиши мүмкүн

20 февраля 2018 12:42 2443 Barometr
Поделиться в:
ok

Британиянын эксперттери өлкө бийлигине ай сайын минималдуу киреше катары кепилдендирилген акча берүүнү сунушташууда. Бул тууралуу Би-би-си маалымдады.   

Улуу Британиянын өкмөтүнө 55 жашка чыга элек ар бир жаран үчүн жылына 10 миң фунт стерлинг  же тактап айтканда 14 миң доллар берүүнү сунушташууда.

Кепилдик берилген базалык киреше тууралуу идеяны сунуштаган уюм мындай киреше калктын жакыр катмарына жардам берет жана рынокту көбүрөөк ийкемдүү кылат деп жүйө келтирүүдө.

“2020-жылга карай өлкөнүн экономикасында олуттуу өзгөрүүлөр болуп жумушчу орундар автоматташтырылат, климаттык өзгөрүү катуу байкала баштайт, ошондуктан көпчүлүк адамдарга жардам керек”,-деп эсептешет идеянын авторлору.

Эскерте кетсек, буга чейин бир нече өлкөнүн өкмөттөрү жогорудагыдай идеяны ишке ашырып келген.

Ссылка: https://barometr.kg/content11864



Добавить комментарий