Назира Айтбекова: Эки аял алам деген эркектердин чачы, кашы кырылсын!

20 февраля 2018 10:26 3535 Barometr
Поделиться в:
ok

Теле алып баруучу Назира Айтбекова социалдык түйүндөрдөгү өзүнүн баракчасына 23-февралга карата тамашалуу пост жарыялады.Төмөндө анын жарыяланган постун өзгөртүүсүз беребиз, майрамдын алдында маанайыңызды ачып алсаңыз болот.

“Жогорку Аялдар Сотунун чечими менен үй бүлөнүн көп мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилди.

1. Мындан кийин ар бир эркек аялынын көзүнүн агы менен тең айланат!

2. 8 - март жылда бир күн эмес, күндө болот. Бир күн гана эс алууга мүмкүн.

3. 23 - февраль жана эркектерге тиешелүү баардык майрамдар жоюлсун!

4. Эки аял алам деген эркектердин чачы, кашы кырылып, чекесине "Ары жок эркектин багы жок" деген жазуу менен көчөдө тынымсыз, уйкусуз, тамаксыз, суу гана берилип бир жума эл аралып бассын. Ошондой эле аялдар казынасына 50 миллион айып пул төлөсүн.

5. Аялдарга кол көтөргөн эркектердин.чекесине "эркек деген эле аты бар, заты жок" деген жазуу менен көчөгө чыгарып, көйнөк кийгизип ары - бери бастырсын жана аялдар казынасына 100 миллион айып пул төлөсүн!

6. Зордуктоого барган эркектерди биротоло операция жолу менен кыз кылып салсын. Кыз болуп, зордукка учураган кандай болоорун жон териси менен сезсин.

7. Ар бир эркек жумасына 3 жолу, дүйшөмбу, шаршемби, жума күндөрү гүлү жана белеги жок үйгө кирбесин.

8. "Мен сени сүйөм", "Сенсиз күнүм көмкөрөсүнөн түшүп, айым аңтарылып калат".ж.б. эркелетүү сөздөрүн күнүнө үч маал айтып туруусу кажет.

9. Ажырашууга тыюу салынат. Ар бир эркек алган аялдын багын ачууга милдеттүү

10. Аялдар күндө салонго барып, өзүн карап, шоппинг кылып, курбулары менен чер жазууга милдеттүү!

11. Эркектин башка аялдарга көз салып жатканы байкалса, аялы 3 күн тамак бербей коюуга жана бир "феррари" , эң кымбат аралдарга жолдомо алдырууга милдеттүү.

12. Түндө күйөсү аялын үшутпөй бекем кучактап жатуусу абзел. Үшүп кала турган болсо, аялы жолдошун төшөгү жок 4 күн башка бөлмөгө айдап жиберүүгө акылуу.

13. Үйдүн эркеги алган маянасынын толук отчетун аялына берип, чыпчыргасына чейин коротпой, акыркы сокур тыйынына чейин аялынын эсебине которуп туруусу керек. Айына жолдошунун жолуна, тамагына канча акча бөлүп берет аны аял өзү чечет. Башка жактан түшкөн шабашкасын жым - жым кыла турган болсо, эки эсе айып пул төлөйт жана аялы башка бөлмөгө бир жумага айдап жиберүүгө акылуу.

P.s. эркектер, айып этпегиле. Бир аз көбүртө жаздым. Бирок көңүлдөгү көйгөйүбүз ушул”,-дейт Назира Айтбекова.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11859



Добавить комментарий