Президент жумушчу сапар менен Баткен облусуна барат

20 февраля 2018 10:11 675 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков  бүгүн, 20-февралда жумушчу сапар менен Баткен облусуна жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин аппаратынан маалымдашты.

Эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында Мамлекет башчысы Лейлек жана Баткен райондорунун  жашоочулары менен жолугушат.

Президент ошондой эле  Лейлек районунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери үчүн салынган көп батирлүү үйдүн ачылышына катышат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11858



Добавить комментарий