Ошто беш балалуу аял көрүстөндө жашап жатат

20 февраля 2018 10:00 1042 Barometr
Поделиться в:
ok

 

Ош шаарына жакын жайгашкан Кызыл-Кыштак айылынын 40 жаштагы тургуну беш баласы менен мүрзө казуучулар үчүн бөлүнгөн  кенедей бөлмөдө жашап жатат. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

«Кылыч-Бурхан» көрүстөнүндо жашап жаткан бул үй-бүлөнү милициялар кыйын жагдайда калган үй-бүлөнү аныктоо боюнча рейд учурунда табышкан.

Милициялар берген маалыматка таянсак, балдардын экөө аялдын өз балдары, калган үчөө анын сиңдисиники.

 “Балдар мектепке барып турушат, Гулжахан аларга татыктуу билим берүүгө болгон аракетин жумшап жатат”,-деп билдирди Бобур атындагы мектептин директору Феруза Содикова.

Директордун айтымында, мектеп администрациясы дагы аталган үй-бүлөгө жардам берүүдө.

Балдардын атасы тараптан эч кандай көмөк жок, аял өзү гана аларды багып, тарбиялап жатат.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11856



Добавить комментарий