20-февраль: абанын температурасы +13 градуска жылыйт
Поделиться в:
20-февралда түнкүсүн өлкө аймагында кар жаабайт, күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 8…13; Талас жергесинде түнкүсүн -5…-10, күндүз 7…12;Баткен облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 9…14; Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 9…14; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…+2;
Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -2…-7; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -29…-34, күндүз -10…-15;
20-февралда Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -3…-5 градус суук, күндүзгү жогорку температурасы 10…12 градус жылуу болот.
Ссылка: https://barometr.kg/content11846
Добавить комментарий ×