Жогорку Кеңеш Казакстанда кармалган депутаттын ишин тергөөгө кийлигишпейт

19 февраля 2018 17:43 528 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңеш жана парламент төрагасы Казакстанда кармалган депутат Асылбек уулу Дамирбектин ишин тергөөгө кийлигишпейт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.

Анын айтымында, бул Жогорку Кеңештин ишмердиги менен байланышы жок иш.

“Эгер депутатка кылмыш иши козголсо, тергөө болуп жатса ага Жогорку Кеңеш жана төрага аралашпайт. Регламент боюнча депутаттын айыбы далилденсе, өзү жооп берет”, - деди Ибраим Нуракун уулу.

Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу 17-февралда Казакстанда кармалганы белгилүү болгон. Кыргыз тарап окуянын чоо-жайын сурап, Казакстанга нота жибергенден кийин 18-февралга караган түнү коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги ага жооп берип, депутат колго түшкөнүн ырастаган.

Казакстандын Башкы прокуратурасы “Алматы, Жамбыл, Түштүк Казакстан облустарында жана Алматы шаарында 15-16-февраль күндөрү жүргүзүлгөн ири масштабдагы атайын операцияда 29 адам кармалганын" маалымдаган. Алардын ичинде Кыргызстандын төрт жараны бар экени белгилүү болгон.

36 жаштагы Дамирбек Асылбек уулу Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынан депутат болгон.

 

  

Ссылка: https://barometr.kg/content11841



Добавить комментарий