Кумсаларды алгачкы жолу ажылыкка жөнөтүшөт

19 февраля 2018 15:57 591 Barometr
Поделиться в:
ok

Пакистанда трансгендерлер алгачкы ирет Сауд Арабиясына ажылыкка барат, бул тууралуу Lenta.ru. кабарлады.

40ка жакын трансгендерлер Пакистандын бойскаут ассоциациясынын катарына кирүүгө каалоосун билдиришкен.

 Ыктыярчылардын акыркы тизмесин Пакистандын дин иштери боюнча министрлиги түзүп чыкмакчы. Азыр аталган топ ажылык сапарына даярданууда.

Бойскауттар кыймылынын башчысы бул аларга карата коомдун мамилесин өзгөртөт деген пикирде.

2009-жылы Пакистан дүйнөдө алгачкылардан болуп үчүнчү жыныс бар экенин тааныган өлкө болгон. Аталган республикада жарым миллиондой кумса бар экени аныкталып, алардын паспортуна атайын белги коюлган.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11835



Добавить комментарий