“Кыргызстан” фракциясы: Асылбек уулу Дамирбек жигердүү депутат

19 февраля 2018 15:14 858 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек уулу Дамирбектин Казакстанда кармалышы боюнча “Кыргызстан” фракциясы чукул жыйын өткөрдү. Бул тууралуу “Кыргызстан” парламенттик фракциясынын катчылыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Асылбек уулу Дамирбек “Кыргызстан” парламенттик фракциясынын активдүү депутаты гана болбостон, күрөш боюнча Кыргызстан жана Казакстандын желегин желбиретип, кыргыз спортуна да чоң салымын кошуп келген. Ал аймактардын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн көтөрүүдө алгылыктуу бир топ иш-аракеттерди жүргүзгөн жигердүү депутат.

Массалык маалымат каражаттарына таркатылган бул окуя Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” парламенттик фракциясы үчүн күтүүсүз болду.

“Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, коюлуп жаткан күнөөлөргө депутаттын тиешеси жок деген маалымат бар. Парламенттик фракция Тышкы иштер министрлиги жана тиешелүү укук органдары менен тыгыз байланышта болууда. Бул маселеде Казакстандын тиешелүү компетенттүү органдарынын мыйзамдарын толук сактоо менен, күнөө коюлуп жаткан кыргыз жарандарынын укуктары тебеленбестен, акыйкат изилденип, чечилет деп ишенебиз”,- деп айтылат билдирүүдө.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11832



Добавить комментарий