Жетекчилерге колдонмо. Жумушчуларды кантип натыйжалуу башкарууга болот?

19 февраля 2018 14:59 1769 Barometr
Поделиться в:
ok

Уюмдун, жамааттын же топтун жетекчиси болуу-бул дайыма натыйжалуулукка умтулуу гана эмес өзүңдүн кызматкерлериң үчүн жоопкерчилик дагы болуп саналат. Алардын ар бири дүйнө таанымы, мотивациясы ар түрдүү жеке адамдар. Ошол эле маалда ар бир кызматкердин жетишкендигинен ведомствонун, компаниянын, фирманын же топтун жалпы ийгилиги көз каранды. Анда жумушчулар уюмдун кызыкчылыгы үчүн жан дилинен иштеп беришине эмне кылуу кажет? Буга персоналдары башкаруунун психологиясы жардамга келет.   

Жамаатты башкаруунун психологиясы деген эмне?

Жакшы жетекчи болуп жатканыздын эң мыкты далили ар бир күнү ар бир кызматкер жумушка келип колун жерден же азыркыча айтканда көзүн компьютерден албай талыбай иштеп берип жатканы. Буга кантип жетишүүгө болот?

Ага эмгекке стимул берүү менен тактап айтканда кесиптик ишинде мотивдерди калыптандыруу менен жетише аласыз. Бул көп фактордон көз каранды. Мисалы, жумушчу ордун ыңгайлуу кылып түзүп берүү, кесиптештердин мамилеси, айлык акы жана жеке, ошол эле маалда карьералык жактан жогорулоо мүмкүндүгү.

Башкаруунун психологиясы персоналдын мотивациясы кандай болорун көрсөтөт. Кээ бир адам карьералык жактан жогорулоого умтулса, дагы бири күн сайын кылган жумушун тынч аткарып отургусу келет.

Бул талаптар менен мотивдердин өз ара байланышын белгилүү америкалык психолог Абрахам Маслоу изилдеп чыккан. Ал адамдардын талаптарынын баскычтарын бөлүп чыккан. Аларды шарттуу түрдө беш даража деп кароого болот.

Физикалык талаптары- тамак-ашка, сууга, кийимге болгон талаптар. Ошондуктан жетекчи ар дайым өзүнүн кол астындагы  ар бир адам менен тыгыз байланышта болуп, анын ал-абалынан, акчасы бары жогунан кабар алып сүйлошүп туруусу кажет.

 Болочогунун корголгону жана коопсуз болгонуна карата талаптары- компаниянын узак мөөнөткө иш алып баруусу, анын кызыкчылыгына пайдалуу иштерди жасап туруусу дагы ар бир жумушчуга чоң мотивация.

 Социалдык талаптары - кайсы бир топко таандык экени тууралуу талаптары. Зарыл экендигин сезүү, колдоо аларын сезүүсү. Мындай учурда жетекчи ар бир кызматкерге көңүл буруп анын жасаган иши өзгөчө орунда экенин эскертип туруусу керек.

 Урматтоого карата талаптар- жумушчунун сыйлуу адам болгусу келгени тууралуу, өзүнүн тигил же бул тармактагы жетишкендигине мактоо уккусу келгендеги талаптары.

 Өзүн билдиргиси, тааныткысы келгени тууралуу талаптар- чыгармачылыгын, ички мүмкүндүктөрүн өстүрүү талаптары.

Дал ушул талаптарга башкаруу психологиясы негизделген. Көпчүлүк компаниялар азыр персонал боюнча менеджерди иштете башташты. Анын максаты баардык кызматкерлердин талаптарын анализдеп ошого жараша ишти уюштура билүү.

Эми жетекчилер жумушчуларын натыйжалуу иштетиш үчүн эмне кылышы керек? Алар өзүнө төмөнкү милдеттерди алышы керек.

 Мен жетекчимин - жана бул менин кызматым. Менин аныкталган ыйгарым укуктарым бар жана мен компаниянын ийгилиги үчүн негизги жоопкерчиликти алам. Менин кызматым өзүмө-өзүмдү тастыктай турган же жеке дымагымды аткара турган мүмкүнчүлүк эмес. Мен өзүмдүн кол астымдагылардан эч нерсем жаман же артык эмес. Мен кээде алар коюлган тапшырманы менден жакшы аткара алышарына көзүм жетет жана муну билем. Менин ишим алар өздөрүнүн потенциалын ишке ашырууга мүмкүндүк берүү.

Мен мыкты жетекчимин жана жамаатты шыктандыра алам, максаттарын көрсөтөм жумушчулардын демилгелери менен энтузиазмин колдойм. Ар бир жумушчу өзүн керектүү, пайдалуу жана маанилүү сезет. Бул мен үчүн жана бизнес үчүн абдан маанилүү.

Мен дайыма окуйм жана өзүмдү жакшыртам. Жеке өзүн өсчтүргөн адам гана жеке жаман сапаттарын жое аларын жана комплекстери менен иштей аларын билем. Ошондой эле ал кесипкөй жана жеке планда дайыма жаңы нерселерди үйрөнүп турат, жакшы жетекчи аталат жана элди жана бизнести натыйжалуу башкара алат.Кол алдымдагылар үчүн мен кесипкөйлүгүмдү жогорулатып, билимдуу жана акылман болгондугум үчүн үлгү боло алам.

Мен өзүмдүн комплекстеримди, коркууларымды, тартынууларымды, жаман маанайымды жумушка аралыштарбайм.

Мен уга билүүнү жакшы өздөштүргөм. Мен түз диалог түзүүгө бериле турган мүмкүндүк менен камсыз кылам.Менин эшигим кандай аган кеңеш же болбосо сунуштар үчүн дайыма ачык. Ар бир кызматкер ыңгайлуу учурда кирип эч коркпостон өзүнүн пикирин мага айта аларын билет.

Мен алардын кайрылууларына дайыма жооп берем. Мен дайыма өзүмдүн кол алдымда иштегендердин кызматын көрүп жана аларды колдойм туура формада жетишпей калган жактарын айтып толуктап колдоо көрсөтөм.Тактап айтканда адамдын өзүн эмес кылган ишин талкуулайм. Адегенде мактайм жана ишиндеги оңдоп-түзөй турган жерин айтам жана кайрадан мактайм.

Мен иштин бир бөлүгүн кайсы бир кызматкерге тапшырганды билем жана ага ишенем. Маанилүү иш үчүн өзүңдүн ыйгарым укуктарыңдын бир бөлүгүн кызматкерге тапшыруу пайдалуу жана туура болорун билем. Мен бир ишти ал тобокелдикке салса да ишенимди актап акыркы аягына чейин чыгара аларын билем.Давл ушул нерсе кызматкерлерди өнүктүрөт жана мага стратегиялык маанилүү тапшырмаларды аткарууга кошумча мүмкүндүк берет.

Мен көзөмөлдөөнү дайыма унутпайм. Менин кызматкерлерим алардын ишин жоопкерчилиги менде экенин жана ишинин акыркы жыйынтыктарын көзөмөлөй турганымды билишет. Алар берилген тапшырманы убагында аткаруу деген эреже сакталышы керек экенин билишет. Кандайдыр бир жагымсыз сөздөр болсо кол алдымдагылар менен бетме бет гана сүйлөшөм. Элдин жана жамааттын көзүнчө аны жемелеп сындоо мен үчүн акыркы иш. Мен эмоцияларымды башкара билем эгер мен кол алдымдагы кызматкерлерди тилдегенге мажбур болуп калсам анын жеке сапатына өтпөй жеке гана чакырып алып көзмө-көз сүйлөшөм.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11830



Добавить комментарий