23-февраль эс алабыз, 22-февралда аз иштейбиз!

19 февраля 2018 13:32 875 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда белгиленип жүргөн 23-февраль-Ата мекенди коргоочулар майрамы жумушчу эмес, майрамдык күн деп эсептелет. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги маалымдады. 

Аталган маалыматка таянсак, КРнын Эмгек кодексинин 96-беренесине ылайык майрам күндүн алдындагы күнү жумуш сааты бир саатка кыскартылат. Тактап айтканда, 22-февралда иш убактысы 1 саатка эрте бүтмөкчү. 

Эскерте кетсек, буга чейин парламентте 23-февраль майрамын жоюу демилгесин да көтөрүп чыгышкан.   

Ссылка: https://barometr.kg/content11825



Добавить комментарий