Желим бөтөлкөнү колдонуунун таң калтырган ыкмалары (фото)

19 февраля 2018 13:14 2405 Barometr
Поделиться в:
ok

 Күн сайын көп сандаган желим бөтөлкөлөрдү ыргытабыз, алардын бир бөлүгү кайра иштетүүгө да кетпейт.

Желим бөтөлкөнү күнүмдүк турмушта колдонуунун төмөнкү эң жөнөкөй бирок гениалдуу ыкмаларын карап көрүңүз. Баликм бири болбосо бири сиздин турмушуңузга пайдасын тийгизип калат.

Мини-теплица

Көчөттөр шамалга абдан туруштуу бере албай назик болушат. Бул учурда аларды капкак жаппаган желим бөтөлкөгө отургузсаңыз, жаш көчөттөр сууктан жана муздак топурактан жакшы корголот.

Өсүмдүктү сугарып тамчылатууга пайдаланыңыз!

Тамчылатып сугаруу боюнча даяр электрондук системалар кымбат турат. Желим бөтөлкөнүн капталдарын жыртып өсүмдүктун тамыры тушка көмүңүз. Анын мойну топурактан чыгып турушу керек.

Суу куйгучтун кызматында жакшы

Огородду жылуу суу менен сугарган жакшы. Даяр суу куйгуч сатып алгандын ордуна бөтөлкөнү тешип, суу куюп, аны эртең менен эрте күнгө коюп салыңыз! Кечке карай жылып калган суу менен жөөктөрдү сугара аласыз.   

Суу чачкыч катары колдонуңуз!

Огородду дайыма туруктуу сугарып туруш үчүн желим бөтөлкөнүн капталын майда-майда тешип шлангага туташтырып койсоңуз бакчаңыз текши сугарылат.

Жемиштерди жакшы жыйнаганга мүмкүндүк!

Жакшы бышка алма менен алмурут дарактын үстүнкү жагында болсо аны күбүгөн кезде көпчүлүк мөмөлөр урунушуп калат. Мындан кутулуш үчүн жөнөкөй таяктын башына  кесилеген желим бөтөлкөнү орнотуп алып жемишти каалаганча терсеңиз болот.

 

Калак кылып алыңыз!

Жемиштердин түбүн жумшартууга дагы жакшы калак катары желим идишти ыңгайлуу формада кесип колдонгон жакшы.

Гүл отургузган идиш кылыңыз!

Мойну кесилген бөтөлкө гүл үчүн жакшы карапа кызматын да аткарат, анткени анын түбүндөгү боштукта дренаж катары таш салып койсоңуз болот.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11823



Добавить комментарий