Энеси акыл-эси кем баладан баш тарткан эмес, соңунда укмуш окуя болду

19 февраля 2018 12:02 7798 Barometr
Поделиться в:
ok

Энеси акыл-эси кем баладан баш тарткан эмес, 29 жылдан кийин анын жыйынтыгы кандай болду?

1988-жылы Кытайдын тургуну Цзоу Хонгян уул төрөгөн. Бирок төрөт оор болгондуктан ымыркай церебралдык шал оорусу менен жабыркаган жана өмүр бою майып болуп калары анык болгон.

Ал тургай дарыгерлер дагы, күйөөсү дагы аялга баладан баш тартууну сунуш кылышкан. Алардын баары интеллектуалдык жана физикалык жактан кем болгон мындай бала болочокто эптеп эле күн кечирген бир байкуш болот деп эсептешкен. Цзоу баарынан баш тартып, күйөөсү менен ажырашып өмүрүн уулун дарылатууга жана тарбиялоого арналган.

Аны багыш үчүн Цзоу бир эле маалда үч жумуштан иштеп, кечинде баланын акыл-эсин өнүктүрүп, эмоциясын өстүрө турган оюндарды ойногон.

 “Мен балама жетишерлик эле катуу болдум, анын өз маселесинин үстүндө иштөөсүнө түрткү бердим”,-дейт Цзоу.

 29 жылдан кийин Дин Дин Пекиндеги университетти айлана чөйрөнү коргоо жана техника боюнча бүтүрүп чыкты. Ошондой эле ал бир аз мурда укук жаатында Гарвард университетини студенти болду.

Эми эне баланын мактана турган ийгиликтери көп. “Саргара жортсоң кызар бөртөсүң” деген ушул. Ошондуктан ар дайым кыйынчылыктарга моюн бербей алдыга гана умтулуңуз!

Ссылка: https://barometr.kg/content11818



Добавить комментарий