Ала-Арчада аскадан кулаган альписттин сөөгү табылды

19 февраля 2018 08:52 618 Barometr
Поделиться в:
ok

ӨКМнын куткаруучулары 18-февралда Ала-Арча жаратылыш паркында аскадан кулап кеткен Литванын жараны   Сайкаускас Салиюстун сөөгүн тапты. Бул тууралуу ӨКМдан кабарлашты.    

Буга чейин, 15-февралда Ала-Арчадагы Рацек үйү деген аймакка жакын жерде Литвадан келген эки альпинист Сайкаускас Салиюс жана Кейскас Крупский Алис аскадан кулап түшкөнү тууралуу мааымдалган.

“Альпинист Кейскас Крупский Алис бутунан жаракат алган, учурда абалы туруктуу. Коргоо министрлигинин тик учагы менен Бишкектеги ооруканага жеткирилди”,-деп айтылат ӨКМнын кабарында.

Ссылка: https://barometr.kg/content11806



Добавить комментарий