Бир короо койдун айынан атышуу болуп, 36 киши өлдү

19 февраля 2018 08:39 1694 Barometr
Поделиться в:
ok

Нигерияда бир короо койдун айынан атышуу болуп, 36 киши өлдү. Бул тууралуу News Agency of Nigeria булагы кабарлады.

Жергиликтүү аңчылар 13-февралда койлорду уурдап бара жаткан койчуну көрүп калып артынан түшүшкөн. Ууру койлорду таштай салып качып кетип, бирок соңунда коңшу райондогу бандиттерге жардам сурап кайрылган.

Ошентип аңчылар менен каракчылар атышып кармаш болгон.

Окуя болгон жерге келген полиция 18 адамдын сөөгүн тапты, дагы 18 адамдын сөөгүн алып кетишкен деп болжолдонууда.

Кылмышкерлерди издөө уланууда.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11805



Добавить комментарий