Сапар Исаков таэквондо боюнча кара курдун ээси болду

19 февраля 2018 08:19 1604 Barometr
Поделиться в:
ok

Өкмөт башчы Сапар Исаковго кечээ, 18-февралда таэквандо боюнча кара курду жана жетинчи дан даражасын ыйгарышты.  

Исаков Кореядан келген делегациянын иш сапарынын алкагында өткөрүлгөн КРнын премьер-министринин кубогуна катышкан. Кореядан келген делегациянын курамында 2012-жылы жана 2016-жылы өткөн Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, дүйнөнүн үч жолку чемпиону  Ли Дэ Хун да бар.  

Аталган жыйында сөз сүйлөгөн өкмөт башчы кыргызстандыктарды саламаттыгы чың жашоо образына чакырып өттү.

Кыргызстандагы таэквондонун өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн Сапар Исаковго чебер наамы, кара кур жана жетинчи дан ыйгарылды.

Турнирде Кыргызстандын, Кореянын жана Казакстандын спортчулары ат салышууда.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11804



Добавить комментарий